Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

"Беш бала жетим калды". Үч өмүрдү жалмаган жол кырсыгына милиционер шектелүүдө


Кадамжай. 7-декабрда жол кырсыгы болгон жер.
Кадамжай. 7-декабрда жол кырсыгы болгон жер.

Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы териштирилип жатат. 7-декабрда кечинде Кадамжайда, Ош–Раззаков унаа жолунда болгон кырсыктан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду. Кырсыкка себепчи деп шектелип жаткан айдоочу ички иштер кызматкери экени айтылууда.

Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылында жол кырсыгынан каза болгон бир үй-бүлөдөн үч адам жерге берилди. Ата-энеси жана 16 жаштагы өспүрүм кызы 7-декабрдагы жол кырсыгында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаада болгон. Маалыматка караганда, аларды Ford пикап катуу ылдамдыкта каршы тилке менен келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Daewoo Tico машинасынын ичинде бараткан 38 жаштагы келин жана 16 жаштагы кызы ошол жерде каза болгон, ал эми унааны айдап бараткан атасы оор жаракат алып, "Тез жардам" менен ооруканага жетпей көз жумган. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Бектемир Маматов билдирди.

Окуя саат 19:45 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө катталган. Бул Ош–Раззаков унаа жолунун бир бөлгү.

Үрөй учурган кырсык болду деп айтып берди күбөлөрдүн бири, өзүн Максат деп тааныштырган тургун:

“Биз келгенде Daewoo Tico унаасынын тамтыгы чыгып жаткан экен. Машина такыр эле жарабай калган да, дээрлик жарымы жок. Ичинде адамдын тирүү калышы мүмкүн эмес болчу. Ford унаасы каршы тилке менен өтө катуу ылдамдыкта келди деп айтышты. Эми бул жерде ылдамдыкты 50дөн ашырбай айдаш керек деген белги деле бар. Анын айдоочусу Ошто милициядабы, ГАИдеби иштейт экен деп айтышты ошол жердегилер”.

Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөнүн артында беш баласы жетим калды. Азырынча алар таенесинин камкордугунда турат. Үй-бүлө жана балдарды коргоо комиссиясы жакынкы арада алар боюнча өз чечимин чыгарат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Таш-Дөбө айылынын башчысы Абдинаби Кенжебаев ансыз деле бул үй-бүлө колдоого муктаж болуп, социалдык үйдө жашап турганын айтып берди:

“Мурдараак бул үй-бүлө бул жактагы там-ташын сатып, Өзбекстанга көчүп кеткен. Бирок ал жакта бир аз жашап, турмушу оор болуп, кайра келишкен. Келгенде үйү жок, кайра турак жай кыла алышпады. Турмуш шарты оор эле. Бул жакта Араб фонддору менен чогуу курулган социалдык үйлөр бар. Жергиликтүү бийлик ошол үйдө жашап тургула деп киргизген болчу. Алты баласы бар эле. Азыр эми беш баласы калды. Аларды азырынча таенеси карап жатат. Тажиясы өткөндөн кийин балдарды кимге калтырат, кандай болорун атайын комиссия карап чечет. Балдар үйүнө береби же жакындарынын колунда калабы, шарт-жагдайына карайт. Кырсык экен да, жаман окуя болду”.

Ford пикапты башкарып бараткан айдоочу Кадамжайдан Ошко жолго чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматында иштери айтылып жатат.

Ош шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Эржигит Паизов бул тууралуу "Азаттыкка":

"Азыр териштирүү жүрүп жатат. Ал МАИ кызматкери деп жатышат. Териштирүү иштеринен кийин гана жооп бере алам", - деп билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматынын башчысы Шеркул Турганбаев:

"Кызматкер Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүндө иштеген. Ал окуя болгон күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деди.

Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу кармалып, тергөө жана тиешелүү экспертиза жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Кылмыш иши “Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу” беренеси менен козголуп, Ford пикаптын 35 жаштагы айдоочусу Т.Т. Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы маалымдалды.

Кыргызстанда акыркы беш жылда жол кырсыктарынан 3800дөн ашуун киши каза болду. Бул - күнүгө унаа жолдорунда эки кишинин өмүрү кыйылат дегендик. Соңку он жылда унаа кырсыгынан 120 миңден ашык киши жаракат алды. Авариянын кесепетинен жарым жан болуп, өмүр бою анын азабын тарткандар бар.

Айрым эксперттер Кыргызстандагы жол кырсыктарынын кесепетин согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү абалга дагы салыштырышат.

Бийлик жол кырсыктарын алдын алуу, өлүмдү болтурбоо чаралары көрүлүп жатканын айтып келатат. Бирок буга катар эле айдоочулук күбөлүк кызылдай акчага сатылган мезгилдер болгон. Жолдорго коюлган байкоочу камералар, олчойгон айып пулдар дагы кырсыктарды ооздуктай албай жатат.

Коңшу Ош облусунда өткөн айда эки-үч күндө жол кырсыгынан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылган. Ош–Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан машине менен жеңил автоунаа кагылышканда беш киши мүрт кеткен. Алардын тажиясынан кайтып келатканда дагы беш киши каза болгон. Ага чейин Бишкек–Ош жолунда дагы эки киши көз жумган. Милиция рейд өткөрүп, айрым жергиликтүү милиция жетекчилери иштен алынган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG