Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты кызматкери кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери (1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында алар Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен деп айыпталууда. Бул үчүн каражат алып турушканы аныкталган.

Мисал катары алар “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айыпталган шектүүгө (М.А.А.) эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүп, “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып беришкени такталган. УКМК дарыгерлер бул үчүн шектүүнүн туугандарынан 1,5 миллион сом алганын кабарлады.

Кылмыш ишинин алкагында 10-декабрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери кармалды. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG